“Эспиру” ЖЧКнын (“Машина») сайттарынын жана мобилдик тиркемелеринин колдонуудагы Купуялык жана жеке маалыматтарды иштетүү саясаты (мындан ары – “Саясат”) “Эспиру” ЖЧКнын (“Машина”) (мындан ары – “Компания”) Сиздин жеке маалыматтарыңыздын коопсуздугун камсыз кылуу тартибин жана маалыматтарды алгандыгы, колдонуу тартиби жана башка жактар менен алмашуусун аныктайт.
Колдонуучунун Саясатты толук жана шартсыз кабыл алуусу болуп Колдонуучунун Интернет-ресурстарын пайдаланууга багытталган кыймыл-аракеттер саналат, анын ичинде – издөө, көрүү же жарыя берүү, Интернет -ресурста катталуу, түшүндүрмө калтыруу,билдирүүлөрдү байланыш формалары аркылуу жиберүү жана башка Интернет-ресурстарын колдонуу функционалы.
Колдонуучу көрсөтүлгөн иш-аракеттери менен ушул Саясатта камтылган Интернет-реусрстарын колдонуудагы бардык маалыматтарды иштеп чыгарууга, сактоого, жиберүүгө, анын ичинде трансчекаралык жиберүүгө өзүнүн шексиз жана ыктыярдуу макулдугун берет.
Компания үчүн артыкчылык болуп маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгаруу жана коргоо менен байланышкан Компаниянын максаттары, принциптери жана укуктук негиздери чоң мааниге ээ болуп жана маанилүү артыктыкчылык болуп саналат. Ошол себептен, Компания Сизге тиешелүү, так айтканда www.mashina.kg сайтынын, мобилдик тиркеме mashina.kg (мындан ары “Интернет-ресурстар”) жана/же Сиз берген маалыматтарды анын ичинде Тейлөөлөрдү алуу үчүн үчүнчү жактар тууралу маалыматтарды да “жеке” деп эсептейт.
Компания mashina.kg-нин маалыматтык интернет-ресурстарындагы колдонуучунун жеке кабинетти жана тиркемелери аркылу маалыматтарды алуу, чогултуу, жайгаштыру, иштетүү жана иштеп чыгаруу боюнча маалыматтык кызматтарды көрсөтүү үчүн маалыматтарды алат же чогултат, жана ошондой эле Компаниянын өнөктөштөрүнүн кызматтарын (мындан ары «Кызматтар») анын ичинде интернет-ресурстарын орнотуу жана аларга жеткиликтүүлүгү жүзгө ашырууда.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Компания Сиздин маалыматтарыңызды чогултуу жана иштеп чыгаруу максаттарына жетүү үчүн Саясатка ылайык сактайт.
Сиз, Колдонуучу катары ушул Саясат менен таанышкандыгыңыз тууралуу ырастайсыз жана өзүңүздүн ыктыярдуу, толук жана шартсыз бардык маалыматтарды иштетүүгө, сактоого жана өткөрүп берүүгө(анын ичинде трансчегаралык) макулдугуңузду бересиз.
Бул Компанияга Колдонуучулардын коопсуздугун сактоого, кызматтарды талаптагыдай көрсөтүүгө, жана милдетмелерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтар.
Колдонуучу - Интернет-ресурстун келчүүчүсү;
Колдонуучу тууралуу маалымат – бул анын аты-жөнү, уюлдук телефонунун номуру, электрондук почтасынын дареги;
Кардар- Интернет-ресурста контент жайгаштырган Колдонуучу.
Интернет-ресурстарга Колдонуучунун макулдугу менен төмөнкү маалыматтар жеткиликтүү болот:
• геолокация (жайгашкан жерди аныктоо үчүн)
• сүрөттөрдүн галереясы (Сиз профилиңиздин сүрөтүңүздү тандаган гана учурда же жарыяңызды жайгаштырган учурда гана);
• Колдонуучунун уюлдук телефонуңун камерасына (мисалы, Колдонуучуга сүрөткө тарууга мүмкүнчүлүк берет).
Профилдин сүрөтү – бул Интернет-ресурстарда Колдонуучунун коомго графикалык тааныштырууга берилген сүрөт;
Товарларды/кызматтардын сүрөтү - Товарлардын/кызматтардын жарыяларын жайгаштырууда колдонулган коомго графикалык тааныштырууга берилген сүрөт;
Контент – бул Колдонуучу тарабынан товарлар/кызматтар тууралуу сын-пикирлер, ошондой эле кардар катары Интерне-рестурстарда өзүнүн алган тажрыйбасы боюнча жиберилген билдирүүлөр.
Ылайыксыз контент – профилдин жана/же товарлардын/кызматтардын Компаниянын талаптарын жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузган сүрөтү.
Компания төмөнүдөй контенттерди, профил сүрөтүн, товарлар/кызматтар сүрөтүн жана башка Колдонуучунун маалыматтарын киргизүүгө тыйюуу салат:
• Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга чакырган же бузган;
• үчүнчү жактар жөнүндө маалыматтарды жана башка жашыруун маалыматтарды ошол жактардын жазуу түрүндө макулдугусуз ачыкка чыгаруу;
• үчүнчү жактардын сүрөттөрүн чыгарууга;
• коркутууларды, зомбулукту пропагандалоону, ырайымсыздыкты камтыганда;
• социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жыныстык, расалык, улуттук, тилдик, гендер мамилелик же анын жоктугуна, диндик, ишениме жана жашаган жерине же башка жагдайларга ылайык кемсинтүү же басмырлоону камтыганда;
• порнографиялык, эротикалык мазмундагы, анын ичинде жарым жылаңач же жылаңачтардын сүрөттөрүн жана эротикалык товарлар/кызматтар ж.б.о.э.;
• жеке кардарлык тажрыйбасына ылайык келбеген маалымат: үчүнчү жак тарабынан сын-пикирлер, публикациялардын, промо-материалдарын, жарнактардын жана баа саясаттардын негизинде иштер/көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу корутундулар;
• мазмунсуз билдирүүлөрдү камтыган (флуд), кайталанган, спамдарды, уят, адепсиз лексика (сөгүнгөн, уят жана цензурага ылайык келбеген сөздөр, жана сөз айкаштары).
Этика, адеп-ахлак нормаларын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген шектүү, мызаймсыз маалыматтарды камтыган Компаниянын ою боюнча орунсуз контент жана маалыматтар болсо, Компания аларды Колдонуучуну кабарлабай эле катып же өчүрүп, же Колдонуучунун контент, профил же товар/кызматтардын сүрөттөрүн жайгашырууга мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Колдонуучу тарабынан профилинин сүрөтүн киргизүүсү менен - анын Интернет-ресурстар аркылуу кызматтарын көрсөтүүсүн үчүнчү жактардын кызматтарында пайдаланууга макулугун берген болуп саналып, жана ошол сүрөттөрдү иштеп чыгарууну, сактоону жана трансчекаралык өткөрүүнү билдирет.
Компания Интернет-ресурстарын орнотуу жана колдонууда диагноситикалык маалыматтарын жана өндүрүмдүүлүгү тууралу маалыматтарды чогултат. Бул даражага төмөнкү маалыматтар кирет (мисалы, Интернет-ресурстарын Сиз кантип колдонгонуңуз тууралуу, башка колдонуучулар менен кандай бирдикте аракеттешүүңүздү ж.б), Интернет-ресурска кирген күн жана убакытын, сиз кирген баракчаларды, издөө тарыхчасы, диагностика журналдар жана отчеттору, Интернет-ресурстарынын ишинин каталарын жана ишинин мүнөздөмөлөрүн, аспаптын моделин, операциондук система тууралуу маалымат, браузердин маалыматтарын, IP-дарек, колдонуучунун жана аспаптын уникалдуу идентификаторлору жана жарнак идентификаторлору.
Мындай маалымат Колдонуучу жана үчүнчү жактардын алдында Кызматтарды жана келишимдик милдеттенмелерин аткарууга зарыл.
Компания үчүнчү жактар берген маалыматтарды алат, жана анда Колдонуучу көрсөткөн башка жактар тууралуу маалыматтарды камтышы мүмкүн. Мисалы, Компаниянын кардарлары Интернет-ресурстанын колдонууда, Сиздин телефонуңуздун номурун же башка маалыматтарды бере алытат.
Компания ишин камсыз кылганга жардам берген, камсыз кылган, жакшырткан, анализдеген, оңдогон, колдоо көрсөткөн жана Компаниянын кызматтарын жүргүзгөн тышкы уюмдар менен кызматташат. Мисалы, биз төмөнкүлөрдү камсыз кылган компаниялар менен кызматташабыз: маалыматтык жана техникалык өз-ара аракеттенүү кызматтарын көрсөтүүдө, банктык кызматтарды, мамлекеттик жана башка кызматтарды. Кээ бир учурларда бул компаниялар Сиз жөнүндө маалыматтар менен камсыз кылат.
Интернет-ресурстар Сизге Компаниянын кызматтарын үчүнчү жактардын кызматтарын колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Эгерде Сиз Кызматтарды үчүнчү жактардын кызматтары менен чогуу колдонсоңуз, биз Сиз тууралуу маалыматтарды же сиз берген башка жактар тууралуу маалыматтарды ошол үчүнчү жактардан ала алабыз, ал эми сиздин Интернет-ресурстанындагы жайгашкан аты-жөнуңуз, уюлдук телефонуңуздун номуру, профили, профилиңиздин сүрөтү үчүнчү жактардын кызматтарында колдонушу мүмкүн.
Компания Сиздин маалыматтарыңызды мыйамдын талаптарын аткаруу үчүн иштеп чыгат, мисалы, өзүбүздүн милдеттерибизди мамлекеттик органдар алдында аткарууда, mashina.kg-де жеке кабинеттерди түзүүдө жана аны башкарууда, техникалык кыйнчылыктар пайда болгондо жана ар-кандай Интернет-ресурстарда функцияларга жеткиликтүүлүк укугун берүүдө, алдамчылыкка жол бербөөдө, берилген Кызматтарды туура эмес колдонууда жана ошондой эле маалымат коопсуздугун камсыз кылууда колдонулат.
Компания Сизге билдирмелерди жиберүү үчүн Сиздин маалыматтарыңызды Интернет-ресурстарды пайдаланууда тийиш болуп колдонгон сунуштарды жана маалыматтарды колдонууда, кызмат көрсөтүүдө, маркетинг маалыматтары менен камсыз кылууда, жана ошондой эле Сиздин суроолоруңузду иштеп чыгарууда колдонот.
Компания Сиздин маалыматтарыңызды Интернет-ресурстарын жакшылантуу максаттарында, Сизге жаңы продукттарды иштеп чыгаруу жана Кызматтарды кеңейтүүдө иштеп чыгарат.
Компания заманбап технологияларга жана ички жол-жоболорго ээ болуп жана Сиздин маалыматтарыңызды тышкы кийлигишүүдөн, маалыматка жетүү үчүн санкцияланбаган аракеттерден, электрондук иш-кагаздардын мазмунунун бурмалоолор жана/же өзгөрүүлөр бар экендигин аныктоодон, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоого багытталган бардык иш-аракеттерди ишке ашырат.
Интернет-ресурстар Сиз жана Компания ортосунда Интернет тармагында өткөрүлүп берилген маалыматтарды коргоону HTTPS коопсуз протоколун, TLS v1.2 криптографикалык протоколун колдонуу менен коопсуздукту камсыз кылат. Компаниянын тутумундагы сыр сөздөрүңүз көрсөтүлбөйт, сакталбайт жана шифрленген түрдө гана бөлүшүлөт.
Интернет-ресурстар Сиз менен Компаниянын ортосундагы маалыматтарды интернет тамагында коргоону камсыз кылат.
Сиз логин жана сырдуу сөз сыяктуу өзүңүздүн учеттук каттооңуздун маалыматтарын терип жатканда үчүнчү жактардан жашырууга, ачыкка чыгарбоого жана бербегенге милдеттенесиз. Максималдуу коргоону камсыз кылуу үчүн антивирустук программаларды колдонуу жана аларды өз убагында жаңыртуу сунушталат. Сиз Компаниянын сунуштарын аткарганыңыз берилген маалыматтардын максималдуу сакталышын камсыз кылат.
Интернет-ресурстар уюлдук телефон же Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар башка түзмөк аркылуу жеке кабинетиңизде операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн арналган аралыктан тейлөө кызматтарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген программалык камсыздоо болуп саналат.
Компания сиздин маалыматтарды чогултуу жана иштеп чыгуу максаттарына жетүү үчүн жана/же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында зарыл болгон учурга чейин саясатка ылайык сактайт.
Сиз каттоо баракчаңызды жокко чыгаруусун демилгелесеңиз болот. Жокко чыгаруу кыймылдары аяктаганда, бардык маалыматтар жок кылынат.
Эгерде, аткарылбаган милдеттенмелер бар болуп калса, Сиз маалыматтарды чогултууга жана иштеп чыгарууга берген макулдугуңузду жокко чыгара албайсыз.
Саясат бардык Колдонуучуларга тиешелүү жана Интернет-ресурстарды пайдалануу учурунда аларга берилген маалыматтарга карата колдонулат.
Эгерде Сиз Саясат менен макул болбосоңуз, Сиз Интернет-ресурс менен колдонуудан баш тартууга милдеттүүсүз же Компания менен байланышып жана жазуу түрүндө кайрылууну төмөнкү дареке кайрылсаңыз болот: Кыргыз Республикасы Бишкек шаары, Турусбеков көчөсу 52, 42 батир.
Сиз Саясаттын шарттарын толук же жартылай кабыл алуудан баш тартаңыз, Интернет-ресурстардын функцияларынын бардыгы же бир бөлүгү Сиз үчүн жеткиликсиз болуп калышы мүмкүн экенине макул болосуз, анткени мындай баш тартуунун болушу Компания тарабынан кызматтарды мыйзамдуу түрдө көрсөтүүнүн мүмкүн эместигине алып келет.
Эгерде Сизде Саясатка кошумча суроолоруңуз бар болсо, Сиз төмөнкү (+996 (505) 22-33-22) номерине байланышаңыз болот.
Компания сиздин купуялыгыңызга өтө олуттуу мамиле кылат. Сурооңузга оптималдуу жоопту аныктоо үчүн Сиздин кайрылууңузду карап чыгып, мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп беребиз.
Сиз Интернет-ресурстун Колдонуучусу катары жана Компаниянын ортосунда пайда болгон талаштар жана ой келишпестиктер сүйлөшүү жолдору менен чечилет (талашты ыктыярду жолу менен чечүү тууралуу кат жүзүндөгү сунуш).
Дооматты алуучу дооматты алган күндөн тартып 30 күнгө чейин кат түрүндө доогерге доону чечүү жана кароо натыйжасы жөнүндө маалымат жиберет. Эгерде макулдашууга келбесе, талаш-тартыш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот органына өтөт.
Колдонуучуларды алдын ала маалымдабастан Саясатка өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилет. Өзгөртүүлөр аларды Интернет-ресурска жарыялаган убактан тартып күчүнө кирет.
Саясатка жана Колдонуучу менен Компаниянын ортосундагы мамилелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптары колдонулат. Интернет-ресурстарга болгон бардык укуктар, анын ичинде ишке ашырылып жаткан жана иштелип жаткан байланышкан кызматтар "Эспиру" ЖЧКсына (Машина) таандык.